Тасма «Зимний» фестивалына тандалды
Берилген 80 өтүнмөнүн ичинен «Кудайлардын жайлоосу» автордук кинонун IV «Зимний» ачык Россия кинофестивалынын мыкты сегизине кирди.



25-ноябрда бизнес-бранч учурунда «Зимний» фестивалын уюштуруучулар сынакка катышуучулардын тизмесин жарыялашты.
2025-жылдын 1–7-декабры аралыгында автордук кинонун IV «Зимний» ачык Россия кинофестивалы Россия киносунун беделин бекемдөө, анын автордук сегментин жайылтуу, көрүүчүлөрдү киносезондун жыйынтыктары менен тааныштыруу, ошондой эле Россиянын автордук кино дистрибуциясынын өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында өткөрүлөт.
Берилген 80 өтүнмөнүн ичинен биздин «Кудайлардын жайлоосу» тасмабыз бактылуу сегиздикке кирди!
Бул абдан жагымдуу, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик!